Тажикстанда бала бакчанын 10 кызматкери күйдүргүгө шектелүүдө
Худжанддагы жеке бала бакчанын кызматкерлери 25-августта ылаңдаган уй этин тамак-ашка колдонгондон кийин Сибирь жарасы шеги менен ооруканага жаткырылды. Учурда бул окуя боюнча текшерүү жүрүүдө.
Оорукана жетекчилиги бала бакчанын он кызматкери, анын ичинде ашпозчу жана анын жардамчылары дарыланып жатканын маалымдады. 24-августта Курман айтка байланыштуу союлган уй эти бала бакчага берилген. Кызматкерлер аны балдардын тамак-ашы үчүн колдонбой, өз ара бөлүп алышкан.
Шаар бийлиги башка мекемелерде ылаңдаган мал этинин колдонулушунун алдын алуу боюнча чукул жыйын өткөрдү.
Бул фактыны прокуратура текшерүүдө. Бала бакчага ылаңдаган уй этин ким таратканы аныкталган жок. Худжанд шаарынын санэпидемиологдорунун маалыматы боюнча быйыл аймакта эки жаран Сибирь кулгунасын жуктурган.