10:37, 28 августа 2018, 24.kg

Москва Ооганстан боюнча өтө турган сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырды

Орусия ооган талибдери менен бирге өтө турган көп тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн кийинкиге жылдырды. Бир апта мурун ооган оппозициясы Москванын 4-сентябрга пландаган отурумуна катышууга макулдугун билдирген.

Ооган президентинин өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров телефон аркылуу Ашраф Гани менен сүйлөшкөн. Москва ооган бийлигинин катышуусун камсыздоо үчүн жолугушуунун датасы өзгөрөрүн айткан. Бирок Москва сүйлөшүүлөрдүн жылдырылгандыгы боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Өткөн аптада Ооганстан менен АКШ 4-сентябрда өтө турган көп тараптуу жолугушууга катышпай турганын билдиришкен.

AP агенттиги Орусия ТИМ башчысы Лавровго шилтеме жасоо менен талибдер Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга арналган отурумга катышууга макулдук бергенин маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18