08:26, 28 августа 2018, 24.kg

Ташкентте 11 ири базардын жетекчиси кармалды

Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголду, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталууда.

Быйыл Ташкент базарларында элге дээрлик үч тонна пияз бекер таратылган. «Тошбозорсавдо» ассоциациясынын жетекчилеринин бирини айтымында, шаардагы базар башчыларынын камалышына ушул окуя себеп болушу ыктымал.

«Камалган базаркомдор мамлекеттик бюджетке 12 миллиард сум (1,5 миллион АКШ доллары) зыян келтирүүгө айыпталууда. Өткөн күздө пияздарды кампада сактоо үчүн 12 миллиард сум бөлүнгөн. Бирок бул акчага сатып алынган пияздар жазында чирип кеткен. Базаркомдор келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн текшерүү учурунда кармалышкан», — деди ассоциация өкүлү.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын өкүлү бул маалыматты тастыктады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18