17:28, 27 августа 2018, 24.kg

Кыргызстандык спортчу таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу 24.kg агенттигине машыктыруучу Юрий Тен билдирди.
 
Анын айтымында, Минск шаарында юниорлор жана ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионат жыйынтыкталды. Ага 56 өлкөдөн 800дөн ашуун балбан катышкан.
 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан 2 спортчу катышты. 16-17 жаш арасында 63 килограмм салмак ченинде Дильшот Курбанов биринчи айлампада аргентиналык спортчуну жеңип, украиналык балбандан утулуп калды. Ал эми 57 килограмм салмакта Никита Цой жапониялык жана камбоджалык спортчуларды утуп, чейрек финалга чыкты. Анда ал дагы бир камбоджалык балбанды жеңип, жарым финалда казакстандык спортчудан калып калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18