15:27, 27 августа 2018, 24.kg

Бишкек -Токмок унаа жолунда такси менен маршруттук унаа сүзүштү

Бишкек — Токмок унаа жолунда такси менен маршруттук унаа сүзүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, эки унаа бет маңдай сүзүшкөн.

«Жабырлануучулар бар, бирок, алардын саны азырынча белгисиз. Кырсыктан кийин жүргүнчүлөрдүн баары жолдо кетип бара жаткан унааларга түшүп кетишкен. Таксинин айдоочусу Ысык-Көл облусуна бара жаткан», -деп билдирди башкармалык.

Namba Taxi кызматы билдиргенине караганда, компания менен келишими бар айдоочу Ысык-Көлгө жеке иштери менен кеткен.

«Кырсык болгон маалда айдоочу заказ алган эмес. Унаа жана анын ичиндеги айдоочу, жүргүнчүлөрү менен камсыздандырылган. Кырсык кызматтык унаанын катышуусунда болгондуктан, компания кичи автобуста жабыркагандарга жардам берүү ниетинде», — деп түшүндүрүштү башкармалыктан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18