14:47, 27 августа 2018, 24.kg

Жалал-Абад курулуш башкармалыгы мамлекетке чоң суммадагы зыян алып келди

Бишкек-Ош жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгы 1 миллион сом салыкты мамлекетке төлөбөй жашырып койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча каржы полициясы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 2015-жылдын 1-январынан былтыркы жылдын 31-декабрына чейин 1 миллион 543 миң 880 сом кошумча салык жана төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү аныкталып, мамлекеттик бюджетке чоң суммадагы зыян алып келген.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18