13:00, 27 августа 2018, 24.kg

Бишкектеги эң мыкты 20 мектеп. Алдыңкы билим берүү мекемелери аныкталды

Бишкектеги эң мыкты 20 мектеби аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жетекчилери катышкан конференция өттү. Анда Бишкектин билим берүү мекемелеринин жыйынтыктары айтылып, эң мыкты билим берүү мекемелери аныкталган.

Бишкектин алдыңкы мектеби  Е.Якир атындагы № 61 физика-математикалык мектеп-лицейи аталды. Кийинки орундарда № 70 мектеп-гимназиясы менен Т.Сатылганов атындагы № 69 мектеп-гимназиясы турат.

Алдыңкы орундарды ээлеген мектептер райондук, облустук, республикалык олимпиада, «Алтын тамга» окуучулар арасындагы долбоорлор сынагында, англис тилинен «Билимкана» олимпиадасында, экономика боюнча VII шаардык олимпиада өзгөчөлүк көрсөтүшкөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18