Каракалпакстанда кара мал белгисиз оорудан улам кырылууда
Каракалпакстан фермерлери жана ветеринарлары кара малдын жапырт кырылып жатканына кабатыр болушууда. Алардын ырасташынча, мал май айында кум аралаш туздуу борбор Каракалпакстан жана Хорезм облусунун айрым аймактарын каптагандан кийин башталган белгисиз оорудан улам өлүп жатат.
Каракалпакстандын Кунград районунун 68 жаштагы жашоочусу Сапар Мадетов мындай оору тууралуу мурда укпаганын билдирди. «Теринин алдын бүдүр басып кетет. Андан соң мал ичпей, жебей, жыгылып анан өлүп калып жатат. Бизде бул ооруга каршы вакцина жок. Биздин айылда малдын 70-80 пайызы ушул дартка чалдыкты. Ветеринардык дарыканаларда дары калган жок,» — деди ал.
Чимбай районунун ветеринардык кызматынын башчысы Сагинбай Раимов Каракалпакстанда мал ооруга чалдыкканын тастыктап, бирок өлүм анча көп эмес экенин билдирди.
«Бул оору нодуляр дерматити деп аталат. Малдын оозунда жана денесинде шишик пайда болот. Эгер бүдүр теринин алдына чыкса, оору катуу өтөт. Эгер бүдүр теринин үстүнө чыкса, бара-бара ал жарылып, мал айыгып кетет. Болжол менен 4-5 мал өлдү, аларды ошол замат көмдүк», — деди Чимбай районунун башкы ветеринары.