Жайкы Азия оюндары. Кыргызстандык спортчу алгачкы алтын медалды тагынды
Кыргызстандык спортчусу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду.
Эске салсак, спортчу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Учурда капчыкта жалпы 10 медаль болду.