10:52, 24 августа 2018, 24.kg

Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммити. Президенттер бир арага чогулат

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине ардактуу мейман катары катышат.

Маалым болгондой, форумга Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери чакырылган. Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Эске салсак, Аралды сактоо эл аралык фонду 1993-жылы түзүлгөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18