15:04, 23 августа 2018, 24.kg

Кыргыз тасмалары эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандын тасмалары Татарстандын Казань шаарында боло турган  XIV Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой иш-чара 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин уланат. Ага 28 өлкөдөн 65 тасма катышат.

Кыргызстандын атынан Тынай Ибрагимовдун «Жарык жана көлөкө»  аттуу тасмасы кыска метраждуу даректүү тасмалар боюнча сынакка тандалып алынган.

Калвира Акчалованын «Жол» жана Чолпонай Бөрүбаеванын «Жашоо» тасмалары «постсоветтик мейкиндик» программасынын алкагында көрсөтүлөт. Ал эми Аскар Нуракун уулунун «Киноман» фильми сынактан тышкары көрсөтүлөт.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18