11:16, 23 августа 2018, 24.kg

Токко урунуп колунан ажыраган жоокердин жакындары бийликтен жардам сурашат

№ 30295 аскер бөлүгүндө токко урунуп колунан ажыраган жоокер Руслан Сартбаевдин туугандары мамлекет башчысына, премьер-министрге, Башкы штабдын жетекчилигине Германиядан электрдик кол протезин алып бергиле деп кайрылуу ниетинде. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, жоокер сапаттуу дарыланууга муктаж. Анын бир колун кесип салышкан, бүгүн экинчи колун кесишет.

«Жабырлануучунун үй-бүлөсүнүн каражаты жок, ал тургай жөнөкөй протез сатып алганга акчасы жетпейт. Мындан улам алар жогору жакка кайрылганга туура келди», — деди Азиза Абдирасулова.

Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18