10:17, 23 августа 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу лицензиясыз калышы мүмкүн

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу Элмира Чоноева лицензиясыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Айтымында, жактоочулар кеңеши этика боюнча атайын комиссиянын ага карата чыгарган өкүмү тууралуу чечиминен баш тартып, анын жактоочулук лицензиясын убактылуу токтотууну сунушташкан.

«Бирок, бул негизги чечим эмес, болгону сунуш. Эгерде комиссия макул боло турган болсо, анда сотко кайрылганга аргасызмын», — деди юрист.

Эске салсак, буга чейин юристтер Чынара Жакупбекова жана Таалайгүл Токтакунова Кыргызстандын Адвокатурасынан Элмира Чоноеваны лицензиясынан ажыратууну талап кылышкан. Алардын айтымында, Элмира Чоноеванын Өмүрбек Текебаевдин макулдугу жок соттогу кызыкчылыгын коргоого укугу жок болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18