09:05, 23 августа 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндары. 4 мамлекеттин башчылары келиши күтүлүүдө

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри катышаарын тастыкташты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында чакыруу бир катар мамлекет башчыларга жана түрдүү уюмдардын жетекчилерине жиберилген.

«Учурда жогорку даражалуу коноктордун жана чет элдик делегациялардын визиттерине даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына дагы кимдер келээри кийинчерээк так белгилүү болот», -деди Данияр Сыдыков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18