09:30, 23 августа 2018, 24.kg

12 жылга соттолгон тажик журналисти сот залынан бошотулду

Тажикстандын Согди облусунун соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 22-августта сот залынан анын ишин апелляциялык баскычта кароо учурунда бошотту.

«Мыйзамды тебелебесем да шаардык соттун өкүмү жана облустук соттун коллегиясынын чечимине ылайык, мен дагы деле кылмышкер болуп эсептелем. Бардык ойдон чыгарылган айыптоолорду алып таштоо үчүн биз адвокаттарыбыз менен бирге жогорку соттук органга доо арыз менен кайрылууга ниеттенүүдөбүз», деди Хайрулло Мирсаидов «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде.

​Кийинки күндөрү социалдык түйүндөрдө абактагы журналистти бошотууга үндөгөн кеңири өнөктүк жүрүп жаткан болчу.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду «мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы» үчүн күнөөлүү деп таап, быйыл 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Ал былтыр декабрда кармалган. Мирсаидов күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18