12:21, 22 августа 2018, 24.kg

Кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрөм деген тартип сакчысы бычактан жаракат алды

Бишкекте кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрөм деген тартип сакчысы бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Октябрь РИИБине Көк-Жар конушунун М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнө бир канча күндөн бери чоочун кишилер унаа менен байкоо жүргүзүп жатышканын айткан.

Окуяга шектүү катары Өзбекстандын 28 жаштагы А.Б. аттуу жараны кармалды. Анын жанынан тапанча жана бычак табылган.  Кийин окуяга шектүү катары Ысык-Ата районунун 26 жаштагы Н.К., 31 жаштагы Р.Б. жана 40 жаштагы К.М. аттуу тургундары кармалган. Аларды кармоо учурунда Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматкерлеринин бири бычактан жаракат алган. 

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18