Ферганада бийлик өкүлү 7-класстын окуучусун аборт жасатууга мажбурлаган
Фергана облусунда акушер-гинеколог жергиликтүү аткаминерлердин буйругу менен беш айлык боюнда бар 7-класстын окуучусуна май айында аборт жасаганы белгилүү болду.
«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, кыздын 39 жаштагы апасы камакта. Ал притон кармоого, андан тышкары төрт эркек 14 жашка чыгы элек кызды зордуктоого айыпталууда.
Жашы жете элек кыздын жыныстык катнашка барып жүргөнү мектеп жетекчилигине быйыл май айында белилүү болгон. Андан соң бул окуя тууралуу райондук инспекторго маалымдашкан.
Кыздын апасы эл алдында уят болуудан коркуп, ооруканада аборт жасатууга тоскоол болгон. Аймактык акушер-гинеколог акимдин орун басары, мектеп директорунун тапшырмасы менен кыздын үйүнө барып, бойдон түшүрүүчү төрт таблетка берген.