08:31, 22 августа 2018, 24.kg

Өзбекстандын премьер-министри жол кырсыгынан «жеңил жараат» алды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылып, «жеңил жарааты менен ооруканага жаткырылды». Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 20-августта эртең менен «Карасу — Бука — Бекабад» жолунун 92чи чакырымында болгон. «Дамас» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып премьер-министр бараткан «Мерседеске» сүзүлгөн.

Кырсыктан Абдулла Арипов жеңил жараат алган. Анын орун басары Алишер Султановдун сол санынын сөөгү жана эки кабыргасы сынган. Мындан тышкары президенттик аппараттын жооптуу кызматкеринин оң билеги сынып, айдоочу башынан жаракат алган.

«Дамас» унаасынын айдоочусу менен алты жүргүнчүсү дагы түрдүү жаракаттарды алышып, учурда дарыланып жатышат", — деп жазылган көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18