14:12, 17 августа 2018, 24.kg

Курман айт. 2 миңдей тартип сакчылары коомдук тартипти көзөмөлгө алат

21-августта Курман Айт намазы учурунда 2 миңдей тартип сакчылары коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

«Айт намаз окула турган аянтка чоң көлөмдөгү буюмдарды, кесе турган же жарылуучу заттарды алып келүүгө болбойт. Айдоочулар жол кыймылына тоскоол болбош үчүн алдын ала унаа токтотуучу жайларды тандашы зарыл. Кичинекей балдарга көз салып туруңуздар жана аларды өз алдынча Айт намазга жөнөтпөңүздөр», — деп жазылат маалыматта. 

Айт намазга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Фрунзе көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин),

Абдымомунов көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин), 

Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү (Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин).

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18