10:39, 17 августа 2018, 24.kg

АКШ Түркияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр

Эгер америкалык пастор Эндрю Брансон бошотулбаса, АКШ Түркияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин билдиргенин Bloomberg агенттиги кабарлады.

Прокуратура соттон пасторду 35 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Августтун башында АКШ Түркиянын ички иштер жана юстиция министрлерине карата санкцияларды киргизип, алардын АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган. Анкара буга ушундай эле өңүттө жооп кайтарган. Вашингтон пастордун куугунтукка алынышына министрлердин тиешеси бар деп эсептейт.

15-августта сот Брансонду үй-камагынан бошотуудан баш тарткан.

10-августта Вашингтон түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул Түркиянын фондулук биржасынын жана улуттук валютасынын кескин арзандашына алып келди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18