09:27, 17 августа 2018, 24.kg

Нарын облустук соту өз энесине кол көтөргөн жаранды 2 жылга эркинен ажыратты

Нарын облустук соту өз энесине кол көтөргөн жаранды 2 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, соттолуучу бир канча жолу энесине кол көтөргөн.

Соттук отурумдун жүрүшүндө шектүү күнөөнү мойнуна алды. Бирок, анын айтымында энеси дайыма ичкилик ичкендиги үчүн жаңжал чыкчу.

«Энем ичкилик ичет, ал наркологиянын каттоосунда турат. Окуя болгон күнү алкоголдук ичимдик ичип алган экен, мындан улам уруш чыкты», — деди соттолуучу.

Жабырлануучунун айтымында, буга чейин уулу унаа утуп алган. Кийин ал түрмөгө кесилип кеткен. Ал убакта энеси унааны батирге айырбаштап жиберген. Түрмөдөн келген уулу унааны кайра кайтарып берүүнү талап кылып, натыйжада энесине кол көтөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18