17:25, 16 августа 2018, 24.kg

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын жарыялашты

Саясий туткундар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бүгүн кезектеги ачкачылык акциясын жарыялашты. Бул тууралуу саясий туткундарды коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечимин курьер алып келип берген жок. Мындан улам камактагы 2 саясий туткун ачкачылык (суюктук) жарыялашты. Алар Жогорку соттун 3 сотун жана төрагасын кызматтан кетирүү талабын коюп жатышат. Камактагылардын пикиринде сот аларды 8 жылга мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратышты.

Эске салсак, 2 саясий туткунга бийликти күч колдонуп басып алуу беренеси боюнча айып тагылган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18