Тажикстанда SIM-карталардын баасы 50 эсеге кымбаттайт
Тажикстан бийлиги 20-августтан тарта SIM-карталардын наркын 250 сомониге ($26) чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул азыркыга салыштырмалуу 50 эсеге кымбат.
Өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор бул маалыматты тастыктады. Тажикстан ИИМи бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки «коопсуздук чараларын» күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирди.
«Айрым абоненттер номер алмаштырганды жакшы көрөт, SIM-карталардын баасын жогорулатуу мунун алдын алат. Мындан тышкары тажик операторлорунун SIM-карталары колдон колго өтпөй калат», — деди Байланыш кызматынын өкүлү.
9 миллион жашоочусу бар Тажикстанда 4,1 миллион активдүү абоненти бар. Учурда өлкөдө төрт мобилдик компания иштейт.