16:00, 17 августа 2018, 24.kg

Ырчы кыздарды арыктата албай шайы кеткен Бакыт Мамаев

Болжолдуу түрдө 2000дей ырга обон жараткан обончу, аткаруучу Бакыт Мамаев учурда III Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн катуу даярдыктын үстүндө. Ал аталган ири иш-чарага карата 4 ыр жаздырып комиссиянын сынына койду. Көп кырдуу таланттын ээси ушул жана башка жаңылыктары тууралуу 24.kg агенттигине маек куруп берди. 

Photo 83411

-Саламатсызбы! Алгач чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз? Сахнадан көп көрүнбөй калдыңыз?

-Саламатсыздарбы! Азыркы тапта көчмөндөр оюндарына карата 4 ыр жаздырдым. Учурда комиссиянын сынынан 3 ырым өттү, бирөө каралып жатат десем болот. Байыркы кайрыктар менен жазылган этностилдеги ырлар. Сахнада деле жүрөм, бирок акыркы кездерде устаттан шакирт калсын деп келечекте окуучуларымдын камын ойлоп, таланттуулар ордосун салып аткан учурум. Эч кимге жарыя кылбай эле, эч демөөрчү издебей өзүмдүн аракетим менен куруп жатам. 

-Шакирттерим деп калдыңыз, алар сынактарга катышып жатабы?

-Шакирттерим өтө көп, сынактарга катышып атабыз. Жакында эле мен уюштурган «Жүрөктөштөр» тобу көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган сынакка катышты. Комиссия мүчөлөрү ырлардын сөздөрүнөн, обонунан эч кынтык тапкан жок. Ырларыбыз күчтүү болчу, бирок кыздарымды арыктата албай шайым кетип атат. 35-40 жаш арасындагы 4 кыз, 2 эркектен турган топ сөзү Кайыргүл Чолпонкуловага, обону мага таандык «Өмүр дастан» аттуу чыгарманы аткарышмак. Тилекке каршы мен тандаган ырчылар жарабай калды. Эл аралык иш чараларга катышуу үчүн, атайын стандартка төп келиш керек, менин 4 чыгармамдын бирөө ушундай сыноодо турат.

-Сиздин аткарууңузда канча ырыңыз бар? Канча ырга обон жараттыңыз? 

Ал ырларымды белгилүү ырчылар Гүлнара Кахарова, Гүлзат Байзакова, Кенже Касмалиева, Токтобүбү Черикчиева, Мээрим Карыпова, Мээргүл Каримовалар ырдап жүрөт. Ошондой эле, ырларымды көзү өтүп кеткен маркум Гүлзат Батырканова, Элмира Кайып кызы дагы аткарып калышты. 

Photo 83414


-Сизди элге тааныткан чыгармаңыз кайсыл?

-Мени элге эң алгач «Күчүгүм» деген ырым тааныткан. Кийин «Сүймөнкул» деген ырым да жакшы ийгиликке жеткен. «Бойдоктор», «Барсыңарбы кыргыздын жигиттери? », «Арзуу» деген чыгармаларым азыркы кезде дагы абдан белгилүү. Менин ырларым бирине бири окшошпогондуктан, ырларымды көбү тааный бербейт. Нукура таланттын бир чыгармасы экинчисине окшошпош керек.

-Жыгач устачылык кесиби боюнча билим алган экенсиз, эмне себептен ырчылыкка ооп кеттиңиз?

-Чындыгында мен жыгач уста, куруучулук, электр оңдогуч жаатында билим алгам. Эч кимге айта элек нерсе эле эми айтайын, мен таланттуулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бир туугандарымдын баары комузда кол ойнотуп ырдашат. Баары обончулар. Менден улуу агам артисттер келсе аккордеонун көтөрүп ээрчип кеткенин көрүп , мени жок дегенде ушул бир жерде отурсунчу деп курулуш тармагына тапшыртышкан. Ал жакты бүткөн соң Москвадагы окуу жайдын кино жагына өтүп режиссерлукту үйрөндүм. Мен өзүм чыгармачылыкка кеч келдим. Ал мезгилде «Туулган күн» деген ырым ырдалып таанымал болуп калган эле. Анан искусство институтуна тапшыргам. Негизи кесибим боюнча кино актёр, режиссёрмун, обончулукту кийин баштадым.

-Жыгач устачылык менен алектенесизби?

-Жыгач устачылык менен алектенем. Бул кесибимден эч бир зыян тапкан жокмун. Азыр балдар үчүн салып жаткан мектепти ошол билимимдин аркасы менен куруп жатам. 

Photo 83412

-Ак-Талаалык баланын Москвадагы окуу жайга өтүп билим алганын ата-энеси, айылдаштары кандай кабыл алышкан?

-Студент кезиңиздеги кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

-Студент кезде ар бир күнүм кызыктуу болчу. Мен чыйрак бала элем. Алмалы деген айылга барып, «сиздерге алма чогултуп беребиз, бизге бир мүшөктөн алма бересиз», — деп айыл өкмөттөр менен келишип түзгөнүм эсимде. Айыл өкмөт «Канча бала алып келесиң?» деп күлдү эле. Бир автобус толо бала барып алма терип бергенбиз. Ар бирибиз бирден мүшөк алма алып келип, залдан алма менен согушуп ойногонбуз.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Канча балаңыз бар?

-Эл катары уул кыздарым бар. Кудайга шүгүр.

-Наам алдыңыз беле?

-Наамды мага эл берип койду болуш керек. Азыр наам алды деген уятыраак болуп калды окшойт. Билбейм кимге кандай, бирок наамың барбы, кимден кантип алдың эле деген кептер болуп атат. Наамды өкмөт эмес эл бериш керек деп эсептейм. Мен сыяктуу таланттууларга эл небак эле берип койсо керек... Элим бар менин ырларым ырдалып атса керек. Өкмөттөн эмгек сиңирген же эл артисти деген наам алган эмесмин. Алам деп деле аракет кылбайм. А бирок, Маданияттын мыкты кызматкери, Эл агартуунун отличниги деген наамды алгам. Учурда № 87 мектепте өздүк көркөм чыгармачылык тармагында көркөм жетекчимин. 

Photo 83413

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18