Президент Ош университетине жогорку баасын берди
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Мамлекет башчысы жогорку окуу жайдын профессорлорун, окутуучуларын жана студенттерин куттуктап, Ош мамлекеттик университети улуттук билим берүү системасындагы флагманга айланганын белгиледи.
Президент жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылышы менен куттуктады.
Салтанаттуу аземде жогорку окуу жайынын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.