Түрк лирасынын алсыроосу өзбек мигранттарынын кирешесин азайтты
10-августта Түркияда доллар 32 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн Улуттук банкы түрк лирасын колдоо үчүн 6-августта интервенция жасап, 2,2 миллиард доллар сатканын маалымдаган.
Быйыл Өзбекстан биринчи жолу мигранттарды уюшкандык менен Түркияга иш үчүн жөнөтө баштаган. 12-мартта Тышкы миграция агенттиги менен түркиялык TAYGA GRUP туристтик компаниясы Анталиядагы мейманканаларда иштөөгө жарандарды тартуу боюнча келишимге кол коюшкан.
Бирок Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Анкара менен Ташкенттин мамилеси жакшырганын эске алганда, Түркияда иштеген өзбек жарандарынын саны эки эсеге арткан болушу мүмкүн.