10:25, 16 августа 2018, 24.kg

ӨКМ: Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-августта саат 07:40та аталган суу сактагычка чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине  жалпы 14 куткаруучу тартылган. Саат 09:20да издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Эске салсак, 14-августта Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А.  аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18