«Түндүк» тутумуна кошулуу -жалпы мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдет
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы маалыматтык тутумдардын аракеттешүүсүнө карата талаптар бекитилген.
«Буга байланыштуу Планга ылайык маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жана аларды «Түндүк» тутумуна кошуу бардык мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат. Мындан тышкары, юридикалык жана физикалык жактарга кагаз түрүндө маалымдама берүү тууралуу ченемди жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга мыйзам деңгээлинде киришүүгө убакыт келип жетти. Ал үчүн Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдөгү маалыматты пайдалануу, же «Түндүк» тутуму аркылуу маалыматты өз алдынча алуу зарыл. Жарандар башка мамлекеттик органдарга көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардан маалымдамаларды чогултпоосу тийиш. Бул максатта «Түндүк» тутуму иш алып барат», — деп белгиледи Премьер-министр.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттик тейлөөлөрдүн айрымдары өз актуалдуулугун жоготкондугун эске алуу менен аларды интвентаризациялоодон өткөрүү зарыл. Учурда 360 мамлекеттик тейлөө бар. Бул тизменин ичинен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тараптан 2017-жылдын июль айында Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталына киргизилүүчү 191 тейлөөнүн түрү аныкталган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.