10:01, 16 августа 2018, 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын камактагы мөөнөтү 15-октябрга чейин узарды

Алматы соту Кыргызстан жараны, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты. Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон. 

Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды — Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду камакка алуу чечимин чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту да бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18