08:31, 16 августа 2018, 24.kg

Путин Австрия тышкы иштер министринин үйлөнүү үлпөтүнө катышат

Орусия президенти Владимир Путин Австрия тышкы иштер министринин үйлөнүү үлпөтүнө катышат. Бул тууралуу австриялык ММКлар жазышып, маалыматты кийинчерээк Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады.

Австрия ТИМ башчысы Карин Кнайсль финансист жана ишкер Вольфганг Майлингерге турмушка чыгат. Кнайсль оңчул популист Эркиндик партиясынан министр болгон. Бул партия орусиячыл позициясын жашырган эмес, атүгүл кызматташуу боюнча «Бириктүү Орусия» менен келишимге кол койгон.

2018-жылы Карин Кнайсль австриялык Kurier гезитине маек берип, Крымдын аннексиясы жана Украина чыгышындагы жаңжалдан улам Орусияга киргизилген санкциялар эффективдүү болбогонун айткан.

Владимир Путиндин сапарына байланыштуу үйлөнүү үлпөттө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Атайын кызматтар көзгө атарларды дагы тартууга ниеттенүүдө. Той ишемби күнү Штириядагы шарап чарбасында өтөт.

.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18