11:29, 15 августа 2018, 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмирине көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Фарих Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахка карындашы Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Сиздин карындашыңыз Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизге чыдамдуулук жана сабырдуулук каалайм», — деп жазылат кайрылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18