11:00, 15 августа 2018, 24.kg

Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 киши каза болду

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 киши каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, дагы эки киши жаракат алышкан.

Кырсык бүгүн Бишкек — Кочкор — Торугарт жолунда катталды.

Audi унаасы комбайнды артынан сүзүп алган. Жардам берүү үчүн Volkswagen унаасынын айдоочусу токтоп, жабырлануучуну унаадан түшүрүп жаткан маалда, жолдо кетип бара жаткан Mercedes унаасы аларды коюп кеткен. Акырында Audi унаасын сүзүп токтогон. Кесепетинен 2 киши каза таап, дагы 2 киши жаракат алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18