10:30, 15 августа 2018, 24.kg

Тажикстандан мыйзамсыз ташылган дары-дармек кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармек ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, 5-августта Баткендин Кызыл-Жол айылынан 75 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал башкарып келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган.

Текшерүү учурунда дары-дармектин Тажикстандан ташылып келе жатканы жана керектүү документтери жок экени аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18