09:47, 15 августа 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюну. Ачылыш аземине арналган билеттердин баары сатылып бүттү

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы 24.kg агенттигине иш-чарага кандай даярдык жүрүп жатканы тууралуу айтып берди.

Маалым болгондой, 15-августка чейин курулуш иштеринин баары бүтүшү керек. Кырчын жайлоосунда президенттер үчүн VIP-шатрдын курулушу бүттү. Оюндардын уюштуруучулары региондордон келе турган боз үйлөрдүн санын кыскартты. Бирок, жергиликтүү бийлик ар бир облуска 18ден кем эмес боз үй тигүүнү тапшырды. Кол өнөрчүлөр өздөрү жасаган боз үйлөрдү элдин сынына коюп, сынакка катышууну көздөшүүдө.

Чолпон-Атадагы ат майдан толугу менен даяр. Ачылыш аземине арналган билеттердин баары сатылып бүттү. Ал эми жабылыш аземине сатыла элек билеттер калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18