Меккеде түркмөнстандык зыяратчы каза болду
Сауд Арабиянын Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөн түркмөнстандык зыяратчылардын бири каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып жазды.
«70 жаштагы мугалим Меккеге барган күндүн эртеси каза болду. Ал Дашөгүз облусунун Конеургенч шаарында жашачу. Карыя ошол эле күнү бешим намазынан кийин Меккеде жерге берилди», — деди басылманын булагы.
Анын айтымында, Түркмөнстандын расмий адамдары каза болгон жарандын тажиясын видеого тартып, тасманы туугандарына жеткирип беришти.
Жыл сайын Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгы менен «Туркменховаеллары» авиакомпаниясы өз эсебинен түркмөн зыяратчыларын Сауд Арабиясына жеткирип турат.