14:39, 14 августа 2018, 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Мамлекет башчысынын сапары 23-24-август күндөрү болорун президенттик администрация өкүлдөрү билдиришти. Сапардын программасы, козголчу маселелер тууралуу айтылган жок.
 

Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2015-жылы августта келген. Анда Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салуу тууралуу сөз болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18