13:53, 14 августа 2018, 24.kg

Энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу тармагы. 307 кылмыш иши козголгон

2010-жылдан 2017-жылга чейин энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу тармагына карата укук коргоо органдары тарабынан 307 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу тегерек столдо Башкы прокуратуранын мыйзамдарды аткарууда көзөмөл жүргүзүү жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын прокурору Рамазан Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, болгону бир иш үчүн гана актоочу өкүм чыгарылган.

«Козголгон жалпы кылмыш ишинин ичинен 8ин башка иштерге кошуп коюшту. 86 иш убактылуу токтотулуп, 36 иш кыскартылды. 175 кылмыш иши сотко жиберилди. Ошондой эле 2 иш иликтенүүдө. Сот 104 кишиге карата күнөөлүү деп өкүм чыгарды», — деди Рамазан Ибраимов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18