13:33, 14 августа 2018, 24.kg

Өзбекстанда окуучусунун өлүмүнө айыпталган мугалим 7 жылга соттолду

Өзбекстандын Сырдарья облустук соту жашыруун иштеген диний мектептин окутуучусу Шерали Ибодовду жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал былтыр мектептен алган жараатынан улам ооруканада каза болгон 6 жаштагы окуучусун сабаган деп айыпталууда.

«Өткөн айдагы сот отурумунун жүрүшүндө 6 жаштагы окуучу Ибодовдун ур-токмогунан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматтар аныкталган,» — деп билдиришти соттун басма сөз кызматынан.

Былтыр декабрда каза болгон окуучу Мухаммадсадык Абдурахмоновдун жакындары мугалимге карата чыгарылган өкүм менен макул экендиктерин билдиришти.

«Медресенин мугалими Шерали Ибодов сабакты жакшы билбеген балдардын бардыгын сабачу. Ошондуктан анда Мухаммадсадыкты өлтүрүү ниети болгон эмес,» — деди баланын туугандарынын бири.

Күн мурун «Өзбекстан 24» телеканалы «Кичи медреседеги караңгылык» деген тасма көрсөттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18