10:52, 14 августа 2018, 24.kg

Ташкентте тогузунчу кабаттан башына бетон түшкөн аял каза болду

10-августта Ташкентте турак-жайдын тогузунчу кабатынан башына бетон түшкөн 55 жаштагы Дильбар Юнусова ооруканада эсине келбей көз жумду. Ал комада беш күн жаткан. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына маркумдун туугандары билдирди.

«Ага операция жасап, тамагына түтүк коюшкан. Операция оор деле болгон эмес, бирок анын организми көтөрө алган жок. Ал жума күнү саат 8де көз жумду», — деди Дильбар Юнусованын туугандарынын бири.

Маркумдун кошуналары трагедия үчүн көп кабаттуу үйдө ремонт иштерин жасаган курулушчуларды күнөөлөшүүдө.

7-августта Кардарлардын укугун коргоо коому Дильбар Юнусованын үй-бүлөсү аларга кайрылса, жардам берилерин билдирди.

Бирок 12-августта маркумдун туугандары бир дагы мамлекеттик органга арызданып барыша электинин айтышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18