Өзбекстанда кыз жигит поездге боюн ташташты
Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты. Маркумдардын туугандарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү алардын баш кошуусуна каршы болгон. Сурхандарья облусунун темир жол милициясы бул окуяны тастыкады.
10-августка караган түнү Кумкишлак айлында жашаган кыз менен жигит Термез — Кумкурган — Ташкент багыты боюнча бараткан поезддин алдына боюн таштап, мерт болушкан.
«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду.