13:55, 13 августа 2018, 24.kg

Бишкектеги жардыруу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги Исанов көчөсүндө 10-августта орун алган жардыруу боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.

10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон.

Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Андан Гайдуков жеңил жараат алган. 47 жаштагы Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте «НС Информ Консалтинг», «BISHKEK-EXPO» жана «Кей суппро» аттуу үч ишкананын түзүүчүсү экени белгилүү болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18