Президент: Улуттук стратегия адамдын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы документтин мурдагы стратегиялардан айырмасы адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталат жана бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот деп айтты.
Ошондой эле башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүү үчүн «Түндүк» электрондук системасын, жалпы эле «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын милдети экенин президент кошумчалады.
Ал эми стратегиядан тышкы саясатта Орусия жана коңшу өлкөлөр менен достук мамилеге өзгөчө маани берилгенин Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эки маселе: 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жага 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы талкууланууда.