11:49, 13 августа 2018, 24.kg

Сания Шакированын өлүмү. Кылмышка шектүүнү сот үй камагына чыгарып салган

Жол кырсыгында каза болгон «Дүйнө сулуусу» Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева кылмышка шектүүнү сот үй камагына чыгарып салганына нааразы болууда.

«Жол кырсыгына күнөөлүү 2-июнда камакка алынган. Бирок, жакында эле биз анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп сотко кайрылганын билдик. Сот аны үй камагына чыгарыптыр, анын себеби ден соолугуна байланыштуу экен. Акыректин жаракаты олуттуу оору эмес», — деди ал.

Насипа Мамбеталиеванын айтымында, сот күнөөлүүнүн жаш балдары бар экенин эске алган.

«Бирок, Саниянын дагы жаш балдары калды. Эмнеге сот аны эске алган жок? Ал кылмыш жасады, мас абалында катуу ылдамдык менен унаа башкарган. Ар бир айдоочу өзү жана жүргүнчү үчун жооптуу», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18