09:31, 13 августа 2018, 24.kg

Казакстан ТИМи: Каспийге АКШнын аскер базалары жайгаштырылбайт

Казакстан Каспий деңизинин аймагына америкалык аскер базаларын жайгаштырбайт. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттигине Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Абдрахманов айрым орус ЖМКлары менен эксперттери Казакстан аркылуу америкалык жүктөрдүн ташылышы тууралуу чыныгы фактылар жөнүндө жакшы билбей тургандыктарын белгиледи.

Ал мында кеп Ооганстан өкмөтүн колдоо операцияларын улантуу үчүн керек болгон жүктөрдү коммерциялык негизде темир жол аркылуу ташуу жөнүндө болуп жатканын айтты. «Каспийге АКШнын же башка чет өлкөлөрдүн аскер базаларын жайгаштыруу жөнүндө сөз жок», — деди казак ТИМ башчысы.

19-апрелде Казакстан парламенти Ооганстанга жүктөрдү жеткирүү тууралуу АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18