Нарколог Шайлообек Өмүралиев: Аттуу-баштуу адамдар көп кайрылышат
«Дем Нур» медициналык борборунун наркологу Шайлообек Өмүралиев аракечтик меселесине кайрылып, ичкиликке берилип кетүүгө түрткөн факторлор тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.
Үй-жайы жок селсаяктардын саны жылдан жылга өсүп атпайбы, дал ошолордун 87 пайызы алкоголизм жана тамекинин курмандыктары. Бул алкоголизмдин 3-стадиясындагылар адамдык касиетин жоготуп койгондор. Селсаяктар болсо айсбергдин чокусу эле. Биринчи жана экинчи стадиясындагылар айсбергдин ылдый жагында. Булар кимдер? Булар ичкиликке баш оту менен кирген интеллигенттүү, маданияттуу кишилер.
Аракечтикке түрткөн факторлор:
1-стадиясында аракеч экенин мойнуна албайт. Анан «мен эл катары эле ичип атам» деп ойлойт. Бара-бара көйгөлөр пайда болот. Негизи ичкиликке берилген кишини 3 көйгөй коштоп жүрөт. 1-жумушундагы көйгөйлөр, 2-үй-бүлөлүк көйгөйлөр жана акыркысы каржы көйгөйү. Бул 3 көйгөй акырындан өсө берет. Үй-бүлөсүндө чатак көбөйө берет, аялы кетип калып кайра келип дегендей.
Анан 5-10 жылдан кийин 2-стадия башталат.
Буларга жанагы 3 көйгөйдүн үстүнө дагы 2өө кошулат, ден соолук жана руханий көйгөйү. Биринчисинде арак ичкен кишинин ден соолугу талкаланат. Экинчисинде буларды жалгыздык, кусалык сезимдери коштоп жүрөт. Ажырашып кетсе үй-бүлөсүн сагынат, кусалык кайра ичкенге түртөт...Ошентип чыга албай калат. Психологиялык көйгөй барган сайын күчөй берет.
-Каныбызда алкоголго каршы турган фермент көчмөн калкында жок.
-Арак бул дагы наркотик. Убактылуу арманды, психологиялык көйгөйлөрдү жок кылып коёт.
-Ичкиликке берилип кеткендердин көпчүлүгү эмоциясын башкара албайт. Ачууланганда, кыжырданганда, бактысыз болуп калдым, жолум болбой калды деп ичкиликке кирип кетет. Тактап айтканда, булар эмоциялык жактан туруксуз, турмуштук сыноолорду көтөрө албагандар.
Мындан тышкары бул оору менен жабыркаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тартип сакчыларынын арасында көп кездешет. Анткени жумуштарынан стресске кабылышат, чарчоону жазуу үчүн пиво же арак ичип берилип кетет. Интеллигенциянын арасынан дарыгерлер, мугалимдер, сот, прокурорлор, «жылдыз оорусу» менен ооруган артисттер жана тамадаларда көп аракечтер чыгат.
Алкоголизм -өтө татаал оору. Ошон үчүн жалпы коомчулук жардам бериш керек. Негизги 4 себепти унутпашыбыз керек. 1. Канда фермент жок. 2. Мээсинде ичиш керек деген зомби программа бар. 3. Социалдык факторлор, коомдо болуп аткан жумушсуздук сыяктуу терс көрүнүштөр. 4. Коомдогу салттар, туулган күн , той-топурдун баары арак ичкенге түртөт.