15:23, 10 августа 2018, 24.kg

«Кылым шамы» армиядагы абалга байланыштуу президентке кайрылды

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырды. Укук коргоочу армияда жаш аскерлер кыйноого кабылган учурлар токтой элек экенин белгилеп жатат.

Буга чейин «Азаттыкка» Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылышкан. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы штаб кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18