11:44, 10 августа 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндары: 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түшкөн.

Иш чарага катыша тургандардын саны боюнча Кыргызстан  алдыда турат. Анда өлкөнүн атынан 458 спортчу ат салышат.  Спорттук курам боюнча кийинки орунда Орусия  235 киши, Казакстан — 195, Өзбекстан — 108, Пакистан — 91, Иран — 92, Түркмөнстан — 65, Индия — 64, Афганистан — 62, АКШ — 58, Тажикстан — 55, Украина — 46, Кытай — 37, Шри-Ланка — 34, Монголия — 21, Франция — 19, Польша — 23 кишиден турат.  

Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашмакчы.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18