Тажикстанда эми балдар үйлөрүнө социалдык жетимдер кабыл алынбайт
Тажикстандын Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде, быйыл июлдан тарта өлкөдөгү балдар үйлөрүндө жетимдер гана калышы керек. Бул тууралуу Хатлон облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлү Сафар Давлат билдирди.
Сафар Давлат белгилегендей, мындай чечим акыркы кездери ата-энелердин көбү балдарын өз алдынча тарбиялоону каалабай, жүктү мамлекетке оодарып жаткандыктан улам кабыл алынган.
Хатлон облусундагы жетим балдар үйүнүн директору Ражаб Шокиров андагы 254 баланын 113ү өз үйлөрүнө же туугандарыныкына кетиши керектигин билдирди. «Айрымдары жакшы шарттарда жашашат. Ата-энеси ажырашып кеткендер алимент, жөлөк пул алып турушат», — деди ал.
Бул жаңылык балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелер үчүн күтүүсүз болду. Жергиликтүү тургундардын бири мурдагы күйөөсү Орусияга иштегени кеткенин, андан алимент албай турганын айтууда. «Мен кызымды интернатка айласыздан бергем. Мен анын курсагын тойгузуп, билим бере албайт болчумун. Эгер аны үйгө алып кет десе эмне кылам билбейм», — деди ал.