14:25, 09 августа 2018, 24.kg

Бишкек: Орусия менен Беларустан троллейбустар келди

Бишкек шаарына Орусия менен Беларустан жаңы 37 троллейбус алып келинди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган «Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу» долбоорунун алкагында сатып алынды.

37 троллейбустун он беши Беларус, 22си Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан. Троллейбус чыгарган заводдордун адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына транспортту башкаруу тууралуу кеп-кеңештерин берип, үйрөткөнү кабарланды.

Башкалаада жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы ишке киргизиле элек. Шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы эң курч көйгөйлөрдүн бири.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18