08:45, 09 августа 2018, 24.kg

Түркмөнстанда план аткарбаган дыйкандардын мүлкү конфискацияланууда

Түркмөнстандын түндүк облустарында эгин жыйноо планын аткара албаган дыйкандар мамлекетке карыз болуп, төлөөгө шарты жоктордун мүлктөрү конфискацияланууда.

Калгандары мамлекет алдындагы карызынан түрдүү жолдор менен, анын ичинде мүлктөрүн сатып кутулушууда.

«Менин тааныштарымдын эч кимиси планды аткара алган жок. Облустагы дыйкандардын 90% мамлекетке карыз болуп калышты. Ал эмес саманы дагы сапатсыз болуп чыкты. Жакшы болгондо жок дегенде ошону сатып, карыздан кутулат элек», — деп билдирди дашөгүздүк дыйкандардын бири.

Түрдүү маалыматтар боюнча бийлик түшүм жыйноодо пайдаланылган айыл чарба техникаларына камераларды орнотууну талап кылган учурлар көбөйдү. Камералар негизинен уурулуктун алдын алуу үчүн комбайндарга орнотулуп жатканы кабарланууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18